Линктер

шаршемби, 20-сентябрь, 2017 Бишкек убактысы 17:19

Нью-Йорктогу митингчилердин чатырларын алуу башка күнгө калды


Нью-Йорк шаарынын бийлиги Уол Стритке каршы чыккан митингчилер ээлеген паркты тазалоо ишин башка күнгө которду. “Уол Стритти басып ал” деген кыймылдын активисттери экономикалык кризис үчүн жоопкерчиликти ири корпорациялар менен банктарга жүктөп, 4 аптадан бери алардын саясатына каршы нааразылык акцияларын өткөрүп жатышат. Алар паркты тазалоо ал жердеги чатырларын алып салуунун амалы эле болчу дешүүдө.

“Азаттык” үналгысы журтташтар арасында жарыялаган онлайн сынак аяктады. Сынакка келген материалдар менен бул жерден таанышсаңыз болот. ​

XS
SM
MD
LG