Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:33

Жарандык Кеңеш президентти сот мыйзамдарына вето коюуга чакырды


Соттор курамдарын түзүүгө байланышкан мыйзамдарга президент вето койсо, сот реформасы жазга чейин созулуп кетет. Мындай пикирин “Азаттыктын” түз ободогу талкуусунда сот тармагына байланышкан Конституциялык беш мыйзамга түзөтүү киргизүү боюнча президенттин алдындагы жумушчу топтун төрагасы, депутат Өмүрбек Текебаев билдирди. Анын айтымында, кайра оңдолгон мыйзамдар сотторду тандоодо түзүлүп калган үч принципиалдуу тоскоолдукту жойду.

Жумушчу топ сунуштаган мыйзам долбоорлорун парламент өткөн аптада кабыл алган.

Соттук мыйзамдардагы акыркы түзөтүүлөргө каршылык билдирген Жарандык Кеңеш мыйзамдарга вето коюуга чакырган катын президент Роза Отунбаевага жолдоду. Жарандык кеңештин мүчөсү Рита Карасартова парламент менен президент келишип алып, натыйжада көз карандысыз сот түзүүгө тоскоолдук жаратууда деп билдирди.

Сотторду тандоо маселеси президенттин, парламенттин жана жарандык коомдун ортосунда талаш-тартыштарды жаратып келатат. Карама-каршылыктар бар деп эсептеген президент Роза Отунбаева сентябрдын аягында мыйзамдарды оңдоо боюнча биргелешкен жумушчу топ түзгөн. (BuS)

XS
SM
MD
LG