Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Март, 2026-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:35

“Зомбулуксуз мектеп” долбоору иштөөдө

Кыргызстандын ар аймагындагы төрт мектепте “Зомбулуксуз мектеп” долбоору иштей баштады. Долбоор Ош жана Бишкек шаарларында, Базар-Коргон жана Түп айылдарында сыноо ирээтинде өтүп жатат. Иш-чараны "Балдардын укугун коргоо" лигасы БУУнун Балдар кору - ЮНИСЕФтин каржылоосу менен өткөрүп жатат.

“Зомбулуксуз мектеп” долбоору алкагында 10-19-октябрь күндөрү тандалып алынган төрт мектепте жаатташкан окуучуларды жараштыруу боюнча мектеп кызматын ачуу боюнча семинарлар өтүп жатат. Бул долбоор окуучу, ата-эне, мугалимдер ортосунда укуктук маданият деңгээлин көтөрүү максатын коздөйт.

Долбоорго Акыйкатчы институту, ИИМ жана Билим берүү министрлиги колдоо көрсөтүүдө. (ЕК)
XS
SM
MD
LG