Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:20

"Уолл Стритти басып ал" 82 өлкөдө демонстрациялар өттү


Социалдык теңсиздикке каршы демонстрациялар Азия, Европа, Африка, Түндүк жана Түштүк Америка, Австралия менен Жаңы Зеландияда өттү.
Эң көп киши катышкан акция Рим шаарында болуп, ага жүз миңден ашуун киши катышты. Башаламандык орун алып, 170тей киши жарадар жана 15 адамды полиция камакка алды. Нью-Йорктогу акцияга 5 миңдей киши чыгып, полиция менен кагылышуу болду. 1 киши жарадар, 70тей камакка алынды.

Орусиянын Москва, Санк-Петербург шаарларында Occupy Russia (Орусияны ээлеп ал) деген кыймыл социалдык түйүндөр аркылуу уюштурган демонстрациялар өттү.

"Уолл Стритти басып ал" кыймылы 17-сентябрда жаштардын чакан тобу Нью-Йоркто «Уолл стритке» каршы акцияга чыкканда жаралган. Кыймыл карапайым адамдардын укугун коргоо үчүн глобалдык өзгөрүүлөрдү талап кылат.

XS
SM
MD
LG