Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:47

Нарында ири айыл-чарба жарманкеси өттү


Нарында дем алыш күндөрү айыл-чарба жарманкеси өттү. Ага облустун бардык беш районунан келген дыйкан, фермерлер катышып, соода-сатык кылып кетишкенин кабарчыбыз Эркингүл Бокоева маалымдайт. Көп жылдардан бери мындай ири жарманке өткөрүлбөй келгени айтылды. Облус губернатору Канатбек Муратбеков мындан ары жарманке менен чектелбестен, кайра иштетүү цехтерин ачууга киришээрин айтты. Сатып алуучулардын пикиринде, баалар айрым азыктарга базардагыдан төмөн болсо, айрымдары кымбат баада сатылды. (ErB/RK)

XS
SM
MD
LG