Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:47

Үмөталиева шайлоого катышуу укугунан айрылды


Президент болом деп БШКга кайрылган Токтайым Үмөталиеваны талапкер кылып каттабоо боюнча БШКнын чечими күчүндө калтырылды. Бул тууралуу чечим бүгүн Жогорку Сотто кабыл алынганын соттун басма сөз катчысы Бактыбек Рысалиев маалымдады. БШК 6-октябрда анык кол топтой алган жок деген негизде Үмөталиеваны президенттикке талапкер кылып каттабай койгон. Шайлоо 30-октябрда болот. Катталуу үчүн БШКга кайрылгандардын жалпы саны 80ден ашкан. Алардын 24ү гана 100 миң сом күрөө коюп, кыргыз тил сынагынан өтүп, 30 миңден кем эмес анык кол топтой алгандыктан талапкер болуп катталышкан. Өз эрки менен шайлоого катышуудан 5 адам баш тартты. Алардын бирөөнөн азырынча БШКга расмий арыз келип түшө элек. (RK)

XS
SM
MD
LG