Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:20

Аялдардын коомдогу жетишкендиктери талкууланат


Бүгүн (18-октябрда) Бишкекте “Азыркы кыргыз коомунун аялдары: маселелери жана жетишкендиктери” деген аталышта парламенттик угуу өтөт. Жогорку Кеңештин маалымат кызматы билдиргендей, анда “Эркектер менен аялдарга бирдей укук жана бирдей мүмкүнчүлүктөрдү түзүү боюнча мамлекеттик кепилдиктер жөнүндө” мыйзамдын аткарылышы талкууланат. Ушул багытта Ички иштер министри Зарылбек Рысалиев жана акыйкатчы Турсунбек Акун доклад жасашат. Иш-чарага мамлекеттик органдын жетекчилери, эл аралык уюмдун өкүлдөрү катышат. Парламенттик угуу БУУнун Өнүктүрүү программасынын колдоосунда өткөрүлүүдө. (КЕ)

XS
SM
MD
LG