Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 21:49

Белорус Бакиевди кайтарып берүүдөн дагы баш тартты


Бул маалыматты Башкы прокуратуранын Эл аралык байланыштар бөлүмүнүн башчысы Төлөгөн Мамыркалиев “Азаттыкка” тастыктады. Анын айтымында, Башкы прокуратура Белорустун тиешелүү органдарына мурдагы президент Курманбек Бакиевди кайтарып берүү өтүнүчүн эки ирээт жиберген. Бирок аталган өлкө бул өтүнүчтүн артында саясий себептер бар деп, эки жолу баш тарткан. Белорустан ушундай эле баш тарткан кагаз Жаныш Бакиевге байланыштуу да келген. Ал эми Максим Бакиевди кайтарып берүү боюнча Кыргызстандын өтүнүчүн Улуу Британиянын Ички иштер министрлиги карап жатканын Мамыркалиев кошумчалады.

Курманбек Бакиев 2010-жылда апрель окуясынан кийин алгач туулуп өскөн Тейит айылына барып баш калкалап, андан соң Белоруска чыгып кеткен. (КЕ)

XS
SM
MD
LG