Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:25

Вице премьер-министр Атаханов №16 түрмөдөгү абал менен таанышат


Вице-премьер-министр Шамил Атаханов бүгүн №16 түрмөгө барат. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматынан маалымдашты. №16 түрмө Бишкектин четиндеги Беловодское айылында жайгашкан. Андан кийин Атаханов Жаза аткаруу кызматынын алдындагы эркинен ажыратылгандарды кайтаруу департаментинин мончосунун жана жаңыдан оңдолгон спорттук комплексинин ачылышына катышат. Күндүн экинчи жарымында кеңешме өткөрөт. Түрмө системасын өнүктүрүү боюнча улуттук стратегия 2011-2015-жылдарга карата кабыл алынган. (RK)

XS
SM
MD
LG