Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:29

КМШдагы 8 өлкө эркин соода аймагы жөнүндөгү келишимге кол койду


Көз карандысыз мамлекеттердин шериктештигине кирген өлкөлөрдүн өкмөт башчыларынын Санкт-Петербургдагы кечээги жыйынында келишимге Кыргызстан, Орусия, Украина, Беларус, Молдова, Армения, Казакстан жана Тажикстан кошулушту.

Орус премьер-министри Владимир Путиндин айтымында, келишим 1994-жылы кол коюлган документтин ордуна кабыл алынган. Буга чейинки документти КМШдагы айрым мамлекеттер жактырышкан эмес болчу.

Жаңы ишке кире турган эркин соода жүгүртүү мейкиндигине быйыл жыл этегине чейин Азербайжан, Түркмөнстан жана Өзбекстан да кошулушу мүмкүн.

Путиндин айтымында, келишимге ылайык, бул өлкөлөрдүн ортосунда айрым товарларга экспорттук жана импорттук төлөмдөр алынып салынат.

XS
SM
MD
LG