Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:39

“Кушка капас” тасмасы тартууланат


Бүгүн Бишкектеги “Ала-Тоо” кинотеатрында “APRA GROUP” жана “CinemART Production” компаниялары биргелишип тарткан “Кушка капас” толук метраждуу көркөм тасманын бет ачар аземи болот. Бул тууралуу “Азаттыкка” фильмде эненин ролун ойногон Кыргыз Эл артисти Жамал Сейдакматова билдирди. Сейдакматова тасмада шаарга кетип, көптөн бери келбеген баласын күтүп, сагынган эненин образын жараткан. Жалпысынан “Кушка капас” турмуштун оош-кыйыштарына тушуккан Эркин деген бала тууралуу тартылган. Эркиндин ролун телерадио алып баруучу Алтын Камчиев ойнойт. (КЕ)

XS
SM
MD
LG