Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:44

Евробиримдик украин лидеринин Брюсселге сапарын кийинкиге калтырды


Бул тууралуу Евробиримдиктин тышкы иштер мекемеси президент Виктор Януковичтин Брюсселге сапары "башка ыңгайлуу учурда болот” деп гана билдирди. Украинанын лидери Янукович Евробиримдиктин президенти Херман Ван Рөмпөй жана Еврокомиссиянын башчысы Хосе Мануэл Баррозу менен жолугушмак. Азырынча Януковичтин сапарын кийинкиге клатырууга эмне себеп болгону расмий айтылбаганы менен, байкоочулар аны оппозициялык саясатчы Юлия Тимошенконун соту менен байланыштырышты.

Киевде бир нече күн мурда экс-премьер-министр Юлия Тимошенко жети жылга түрмөгө кесилген. Соттун өкүмүн Евробиримдик кескин айыптаган болчу. Ал арада орус президенти Дмитрий Медведев Тимошенконун ишин "Украинанын ички маселеси" деп билерин айтты.

XS
SM
MD
LG