Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:32

Балтабаев: Кыргызстанда балдарды социалдык коргоо маселеси чечилген эмес


Кыргызстандын социалдык коргоо тармагында балдар маселеси чечилген эмес. Бул тууралуу "Азаттыкка" Жогорку Кеңештин саламаттыкты сактоо, социалдык саясат, эмгек жана миграция комитетинин мүчөсү, депутат Ташболот Балтабаев билдирди. Депутаттын пикиринде, балдар үчүн мамлекет тарабынан берилүүчү акчалай жардам системасын да тартипке келтирип, жөнөкөйлөтүш керек болуп жатат. Себеби көпчүлүк кантип, кандай негизде, канча акча берилээрин жакшы түшүнүшпөйт. Мамлекеттен жардам алып жаткандардын тизмесине чындап муктаж болгондор гана киргизилиши керек. Расмий маалымат боюнча, Кыргызстанда муктаж болгон балдарга 300 сомдун тегерегиндеги жөлөкпулдун 2 түрү берилет. (ZKo/RK)

XS
SM
MD
LG