Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:57

Иран Кыргызстандын БУУдагы талапкерлигин колдой турганын билдирди


Иран Кыргызстандын Бириккен Улуттар Уюмунун Коопсуздук Кеңешинин туруктуу эмес мүчөлүгүнө талапкерлигин колдойт. Бул тууралуу бүгүн Бишкекте Жогорку Кеңештин төрагасы Ахматбек Келдибеков менен болгон жолугушууда Ирандын парламент башчысы Али Лариджаны билдирди. Кабарчыбыздын маалымдашынча, тараптар кызматташтык мамилелерди өркүндөтүү багытында пикир алмашышты. 21-октябрда БУУнун Башкы ассамблеясында Коопсуздук кеңешинин туруктуу эмес мүчөлүгүнө жаңы талапкерлер шайланат. Азия-Тынч океан чөлкөмүнө бөлүнгөн жалгыз орун үчүн Кыргызстан менен Пакистан атаандашууда. БУУнун эң жогорку жана аткарууга милдеттүү чечимдерди кабыл алуучу органы – Коопсуздук кеңеши он беш мүчөдөн турат. Башкы ассамблеяда 21-октябрга мерчемделген шайлоодо ошол туруктуу эмес он мүчөнүн бешөөсү тандалат. (KKs/RK)

XS
SM
MD
LG