Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:54

Ливия: Каддафичилер дале согушту токтото элек


Ливиянын утурумдук өкмөтүнө караштуу күчтөр каддафичил топтор менен Бани Валид шаарына кире бериштеги жолдо салгылашууда. “Ассошэйтед пресс” агенттигинин Ливиянын Улуттук убактылуу кеңешине шилтеп маалымдашынча, каддафичилер өкмөттүк аскерлерге катуу каршылык көрсөтүүдө. Бани Вали Ливиянын байтакты Триполиден 170 чакырымдай түштүк чыгыштагы шаар. Убактылуу кеңештин Сиртедеги командиринин билдиришинче, каддафичил снайперлер мурдагыдай активдүү болбой калган. Сирте - Ливиянын бийликтен кулатылган лидери Муаммар Каддафинин киндиги кесилген калаа.

XS
SM
MD
LG