Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:48

Иран АКШдан Арбабсиар менен кездештирүүнү талап кылды


Иран Вашингтондогу Сауд Аравия элчисине каршы кутумга тиешеси бар деп шектелип, АКШда камакка алынган Мансур Арбабсиар менен кездештирүүнү талап кылды. Ирандын Тышкы иштер министрлиги мындай талабын Тегеранда АКШ кызыкчылыгын коргогон Швейцария элчилиги аркылуу билдирди.

Иран жана АКШ жарандыгы бар Арбабсиар сентябрда камакка алынган. Мурдараак Ирандын руханий көсөмү аятолла Али Хаменейи Вашингтонду Сауд элчисине каршы кутумду “Уолл стритти ээле” кыймылынан элдин көңүлүн буруу үчүн ойлоп тапты деп, Батыштын ар кандай чагымчыл кадамдарына кайбар жооп берүүгө үндөдү.

XS
SM
MD
LG