Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 22:00

Гректер өкмөттүн экономикалык планына каршы көтөрүлдү


Грек өкмөтүнүн катаал экономикалык саясатына каршы бүгүн өлкөдө 48 сааттык иш таштоо башталды. Баш калаа Афинадагы жүрүшкө 70 миңдей адам чыкканын грек полициясы маалымдады. Грек парламентине жана анын жанындагы метронун эки станциясын кеткен чоң жолду 3 миңдей полициячы тосууда.

Иш таштоо Грекиянын эки чоң кесиптик союзу тарабынан уюштурулууда. Грек парламенти салыктарды көбөйтүү, айлыктарды азайтуу жана ашыкча жумуш орундарын кыскартуу боюнча өкмөт сунуш кылган планды эртең бейшемби күнү карайт. Карызды азайтуу үчүн бюджетти үнөмдөөнү Афиныдан Евробиримдик жана Эл аралык валюта кору талап кылган. Премьер-министр Георги Папандреу шейшемби күнү парламентти катаал экономикалык чараны колдоп берүүгө үндөп, Грекия согуш алдындагыдай кырдаалда турганын эскерткен.

XS
SM
MD
LG