Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Январь, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 08:34

Россия башындагы Бажы союзуна Кыргызстан да кошулат


Көзкараныдысыз мамлекеттердин бажы союзу Кыргызстанды төртүнчү мүчө кылып кабыл алууга даярданууда. Бул жөнүндө Орусия, Беларус жана Казакстан бүгүн жарыя кылды. Кыргыз Республикасынын өкмөт башчысынын милдетин аткарып жаткан Өмүрбек Бабанов мындай чечим Евразия экономикалык уюмунун премьер-министрлеринин Санк-Петербургдагы кездешүүсүндө кабыл алынганын билдирди.

Кыргызстанды Бажы биримдигине кабыл алуу боюнча жумушчу топ жакында түзүлөрү да маалымдалды. Азырынча Кыргызстандын Бажы союзуна качан өтөөрү так белгисиз. Тажикстан да бул уюмга өтүүгө кызыгууда.

XS
SM
MD
LG