Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Октябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 03:49

Түркиянын аскерлери Иракта күрд сепаратисттерине каршы операция өткөрүп жатышат


Шаршембиге караган түнү Түркияда Күрдстан Эмгекчилер партиясы (же ПККнын) козголоңчулары бир топ аскер бөлүктөрүнө, полициянын бекеттерине чабуул коюп, 24 аскерди өлтүрүшкөн. Анын артынан Түркиянын аскер күчтөрү жерден жана абадан чабуул коюш үчүн Ирактын аймагына киришти. Өлкөнүн президенти Абдулла Гүл козголоңчуларга Түркия “жооп кайтарат” деп билдирди.

"Алар бир нерсени унутпашы керек: бизге залал тийгизгендер өздөрү андан бетер оор жоготууга учурайт, - деди президент Гүл. - Бул өңдүү чабуулдар менен биздин мамлекетти алсыратам деп ойлогондор биз кандай оор өч аларыбызды билип коюшсун".

Ушул тапта түрк-ирак чек арасынан төрт чакырымдай алысыраакта атышуулар болуп жатканы кабарланууда. Күрд сепаратисттеринин кечээги чабуулун АКШнын президенти Барак Обама, НАТОнун баш-катчысы Андерс Фог Расмуссен катуу айыпташкан. Бүгүн чыгыштагы Ван шаарында набыт болгон түрк аскерлеринине аза күтүшөт.

XS
SM
MD
LG