Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Июнь, 2023-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:21

Америкалык сот Югославия боюнча Эл аралык трибуналдын жетекчиси болуп калды


Трибуналдын буга чейинки төрагасы Патрик Робинсон
Теодор Мерон ишине 17-ноябрда киришет жана эки жыл бою трибуналды жетектемекчи. Буга чейин трибуналдын төрагасы кызматын ямайкалык судья Патрик Робинсон аркалап келген эле.

Эми жаңы жетекчинин иши учурунда босниялык сербдердин мурдагы лидери Радован Караджичдин жана босниялык сербдердин мурдагы аскер башчысы Ратко Младичтин иштери каралмакчы.

81 жаштагы Мерон 2001-жылдан бери мурдагы Югославия боюнча Эл аралык соттун судьясы болуп келди. 2003-2005-жылдары трибуналдын жетекчиси да болгон.

XS
SM
MD
LG