Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:02

Грецияда бүгүн массалык демонстрациялар болушу мүмкүн


Миңдеген эл кечээ грек парламентинин алдында нааразылык билдирди, 19-октябрь, 2011
Миңдеген эл кечээ грек парламентинин алдында нааразылык билдирди, 19-октябрь, 2011
Анткени грек парламенти чыгымдарды кыскартуу үчүн салыкты көбөйтүп, айлыкты азайтууну көздөгөн мыйзам долбоору боюнча бүгүн добуш бериши керек.

Экономикалык оор абалда калган Греция Евробиримдик менен Эл аралык валюта корунан сегиз млрд.евро жардам алыш үчүн өзүндөгү чыгымдарды кыскартууга барышы шарт. Бирок өлкөдө өкмөттүн катаал чараларына эл нааразы болууда. 100 миңдей эл кечээ демонстрацияга чыккан. Афинада талап-тоноочулар полиция менен кагылышып, 50 чакты полисмен жаракат алган болчу.

Андан сырткары, өлкөдө эки күндүк массалык иш таштоо уланууда. Кечээ Грециянын көпчүлүк аймагында кызмат көрсөтүү сектору мунун айынан дээрлик иштебей калган. Шаршембиде парламентарийлер мыйзам долбоорун алдын ала кабыл алышкан.

XS
SM
MD
LG