19-октябрдан баштап алдын ала шайлоо үчүн Ысык-Көл облусунун аймактык шайлоо комиссияларына ар бирине 10 миңден бюллетен келди. Алар акт жазылып, атайын сейфтерге коюлду. Бул тууралуу көлдөгү кабарчыбыз Мария Колесникова маалымдады. Президенттик шайлоо Кыргызстанда 30-октябрга белгиленген. (MK/RK)