Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:40

Атамбаев Сузакта шайлоочуларды кечиримдүү болууга чакырды


Президенттикке талапкер Алмазбек Атамбаев бүгүн Сузакта эл менен жолугушту. Бул тууралуу кабарчыбыз Ырысбай Абдраимов билдирди. Жолугушууга үч миңден беш миңге дейре эл катышкандыгын байкоочулар айтышууда. Атамбаев элди кечиримдүү болууга, тынчтыкта жашоого чакырып, тартип коргоо, сот органдарынын ишин тазалоо бонча пикирлерин айтты. Жалал-Абаддын тургуну талапкердин сөзүндө айыл чарба жана кайра иштетүү маселеси камтылбай калгандыгын билдирди. Көз каранды эмес байкоочулар ушул сааттарда Атамбаев Ноокен, Базар-Коргон райондору менен Таш-Көмүр жана Майлуу-Суу шаарларынан келишкен 3 миңдей адамдын алдында Кочкор-Ата шаарында сүйлөп жатканын билдиришти.(YA/RK)

XS
SM
MD
LG