Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:51

Каддафинин кармалганы кабарланууда


Ливиядан келип жаткан кабарларга караганда, кулатылган жол башчыы Муаммар Каддафи туулган шаары Сиртте колго түшүрүлдү.

Ливиялык маалымат каражаттарына шилтеме берип, "Ал-Жазира" сыналгысы билдиргендей, Каддафи НАТОнун бомбалоосуна туш болгон Сиртеден чыгып бараткан авто-кербенден кармалды.

Ливиянын Улуттук Убактылуу кеңешинин өкүлү Абдел Жалид Каддафи эки бутунан ок жеп, ооруканага алынып кеткендигин бышыктады.

АКШнын Мамлекеттик департаменти бул маалыматты тактай электигин айтууда.

Убактылуу бийликтин аскер башчысы Абдул Хаким Белхадж "Ройтерске" Сирте бошотулганын билдирди. Баш калаа Триполини Убактылуу бийликтин куралдуу күчтөрү август айында каратып алган эле.

XS
SM
MD
LG