Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:41

Чет өлкөлүктөрдүн Кыргызстанда бала асыроо мыйзамын өзгөртүү сунушталды


Чет өлкөлүк жарандардын Кыргызстанга келип бала асыроосу боюнча сот иштерине прокурор милдеттүү түрдө катышуусу зарыл. Мындай мыйзам долбоору бүгүн Жогорку Кеңеште кабыл алынды. Парламенттин саламаттыкты сактоо, социалдык саясат, эмгек жана миграция комитетинин төрайымы Дамира Ниязалиеванын айтымында, бала асыроодон баш тартуу иши каралганда прокурор катышат, ал эми бала асыроо учурунда сот ишине прокурордун катышуусу каралган эмес. Мыйзамдардагы мындай мүчүлүштүктү жоюу зарыл экени айтылды. Себеби жарандардын кызыкчылыктары менен укуктарынын сакталышын көзөмөлдөөчү мамлекеттик орган бул процесстерге да сөзсүз көз салышы керек. Мыйзам долбоору президенттин кароосуна жиберилет. (RK)

XS
SM
MD
LG