Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:40

Караколдо көчө тартибин талап кылгандар митингге чыгышты


Каракол шаарынын Арбатская көчөсүндөгү жаңы коюлган үч контейнерди алуу талабын койгон он чакты киши бүгүн Ысык-Көл облустук администрациясынын алдынча чыгып, митинг өткөрүштү. Бул тууралуу кабарчыбыз Мария Колеcникова билдирет. Митингчилердин пикиринде, бул соода контейнерлер мыйзамсыз коюлган. Ал жерде таштанды, автоунаа толуп, адамдардын өтүүсүнө тоскоол болуп жатат. Митингге чыккандар менен шаар мэринин биринчи орун басары Көлбай Карасартов жолугушуп, контейнерлер алына турганын билдирди. (MK/RK)

XS
SM
MD
LG