АКШнын Геологиялык кызматынын билдиргенине караганда, күчү Рихтер таякчасы боюнча 7, 3 баллга жеткен зилзаланын очогу Ван шаарынан 19 чакырым түндүк-чыгышта болгон.
Баштапкы маалыматтарга караганда, Ван шаарынын ишкер бөлүгүндө айрым имараттар кыйраган. Анадолу жаңылыктар агенттиги шаардын ооруканаларына кеминде 50дөй киши жеткирилгенин кабарлады. Ал эми Ванга коңшу Арсис шаарынын мэри Зулфикар Арапоглунун айтымында, бул жерде бир нече имарат кыйраган, “каза тапкандар да көп”.
Истамбулдагы Кандили сейсмологиялык институтунун директору профессор Мустафа Ердиктин бүгүнкү басма сөз жыйында билдиргенине караганда, зилзаладан каза тапкандар саны “500дөн 1000ге” чейин жетүүсү мүмкүн.
Маалыматтарга караганда, түрк өкмөт башчысы Режеп Тайып Эрдоган жер титирөө болгон аймакка жөнөп кетти.
Ал эми Ван провинциясынын кыргыздар жашаган Улуу Памир айылынын башчысы Касымбек Варол “Азаттыкка” буларды айтты:
- Зилзаладан улам айылдын баары сыртка чыкты. Айылдагылар аман-эсен. Улуу Памирдеги үйлөр кыйраган жок, бирок жарака кеткендери бар. Райондун борборунда көп үйлөр жыгылып, силкинүү күчү 7.2 даража болгону айтылып жатат. Телефон байланышы начарлап, кабаралашуу кыйын болууда.
Бүгүнкү зилзаланы Армения борбору Еревандын тургундары да сезип, көптөр үйлөрүнөн сыртка чуркап чыгышкан. Жер силкинүүсү Иран менен Грузиянын аймактарында да сезилди.