Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Январь, 2026-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:42

Түркиядагы зилзалада 140тай адам набыт болду


Кечээ Түркиянын чыгышында болгон жер тербетүүдө кеминде 138 киши набыт кетти. Зилзаланын очогу- Ван провинциясына барган премьер-министр Режеп Тайып Эрдогандын айтышынча, Ван шаарында 93 жана коңшулаш Эржиште 45тен ашык адам  курман болгон.
Жарадарлардын саны 350дөй болот.
7, 2 баллдык зилзаладан кийин дагы 70тен көп жолу жер силкинген.
Түркиянын маалымат булактары  1 миллион калктуу аймакта телефон байланышы жана электр  кубаты жарактан чыкканын  маалымдашты.
НАТО, Кытай, Жапония, АКШ, Азербайжан жана Европа өлкөлөрү Түркияга жардам сунуш кылды.
1999-жылы Түркияда болгон эки жер тербетүү 20 миңдей адамдын өмүрүн алган. 1976-жылы Ван провинциясынын Чалдыран шаарында жер силкип, 5 миңден көп адам курман болгон.

 

XS
SM
MD
LG