Ливиянын Убактылуу кеңешинин жетекчиси өлкөнүн мурдагы лидери кандайча өзү туулган шаарда тирүү колго түшкөндөн кийин башына ок жеп көз жумганын тергөөгө буйрук бергенин жарыялады. Бүгүн маалымат жыйынында Мустафа Абдул-Жалил Каддафинин өлүмүн атайын орган иликтей тургандыгын бышыктады:
– Муаммар Каддафинин өлүмүн тергөө үчүн Муфтийдин кеңсесинин буйругунда аныкталган чаралар боюнча Улуттук убактылуу кеңеш атайын комитет түзүүнү чечти.
Абдул-Жалил ошондой эле Каддафини аны өзүнүн эле колдоочулары өлтүрүп салган болушу керек деген божомолун кошумчалады. Кошмо Штаттары, Британия жана укук коргоочулар жарадар Каддафини козголоңчулар өлтүрүп салбагандыгын иликтөөгө чакырышкан.