Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Январь, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:13

Лейлек: Күйүп кеткен мектепте окуу үзгүлтүккө учураган жок


Баткен облусуна караштуу Лейлек районунун Сумбула айыл округундагы Боронбаев атындагы орто мектепте окуу процесси үзгүлтүккө учураган жок, бирок абал жакшы эмес. Бул тууралуу “Азаттыкка” райондук билим берүү башкармалыгынан кабарлашты. Башталгыч класстардын окуучулары күйүп кеткен мектептин жанындагы эски мектептин имаратында окуп жатышат. Аларга бир маал ысык чай, нан берилип жатат, мешке от жагылып, жылуулук берилүүдө. 5-11 класстардын окуучулары коңшу айылдын мектебинде окуп жатышат.

Өрткө каршы кызматтын маалыматы боюнча, 9 бөлмөдөн турган мектептин жетөө жана чатыры толугу бойдон күйүп кеткен. Кырсык 24-октябрда саат сегиздер чамасында болгон. Себеби аныктала элек. Мектепте 180 бала билим алып жаткан. (RK)

XS
SM
MD
LG