Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:16

Үгүт жарнактарына зыян келтирген деп шектелген 4 адам кармалды


Президенттикке талапкерлердин жер-жерлердеги үгүт жарнактарына зыян келтирген фактылар боюнча 4 адам кармалды. Бул тууралуу бүгүн Бишкекте маалымат жыйынында Ички иштер министринин биринчи орун басары Бактыбек Алымбеков айтканын кабарчыбыз билдирет. Жалпысынан 29 арыз, даттануу келип түшкөн. 12 кылмыш иши козголгон. Алымбековдун айтымында, учурда өлкөдө жалпы абал тынч, бирок, чыңалуу бар. Коопсуздукту камсыз кылууга милиция даяр. Президенттик шайлоо Кыргызстанда 30-октябрда болот. 19 талапкер ат салышууда. Алардын айрымдары көчөлөргө илген үгүт жарнактары белгисиз бирөөлөр тарабынан айрылып, өрттөлүп, уурдалганын билдиришкен. (KKs/RK)

XS
SM
MD
LG