Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Февраль, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 20:59

Ирандын жарандары ээлик кылган банкта Улуттук банктын көзөмөлү сакталууда


Баш кеңсеси Бишкекте жайгашкан “ФинансКредитБанкта” түз көзөмөл уланып жатышын Улуттук банктын коомчулук менен байланыш бөлүм башчысынын милдетин аткаруучу Самат Жумашев бүгүн “Азаттыкка” аталган банкка коюлган талаптар али аткарыла электиги менен түшүндүрдү:

- Жаңы акционерлер, Иран республикасынын жарандарынан толук, жетиштүү жана Улуттук банкты канааттандырган маалымат бүгүнкү күнгө карата бериле элек. Түз көзөмөл чарасы дагы деле сакталууда.

Улуттук банк “ФинансКредитБанкта” түз көзөмөл чарасын август айында, ал эми жакындан тарта калктан депозиттерди кабыл алуу жагынан чектөө киргизген.

“ФинансКредитБанктын” жаңы акционерлеринен акцияларды сатып алууга багытталган каражаттардын легалдуулугун күбөлөндүргөн, ошондой эле акционерлердин БУУнун Иранга каршы санкцияларында көргөзүлгөн юридикалык жактар жана жеке адамдар менен байланышы жоктугун күбөлөндүргөн документтерди сураган.

Улуттук банктын түшүндүрмөсүнө караганда, мындай кадам Улуттар уюму менен Евробиримдиктин санкцияларынан улам Кыргызстан эл аралык милдеттемелерин аткаруусуна байланыштуу жасалууда.

Иштөөгө 2005-жылы лицензия берилген “ФинансКредитБанктын” 90,9% акциясын быйыл майда Ирандын он жараны тең үлүштө сатып алган. Кыргызстан Банктар союзунун төрагасы Анвар Абдраевдин өткөн аптадагы билдирүүсүнө караганда, акционерлердин акча каражаты тууралуу маалымат Улуттук банкка жөнөтүлгөн, ал банкка байланышы бар адамдар тууралуу маалымат 25-октябрга карата берилмек.

Бул аралыкта «ФинансКредитБанктын» директорлор кеңешинин төрагасы Мохаммад Гафари бүгүн “24.kg” агенттигинде жарыяланган интервьюсунда аларда “жаап-жашыра турган эч нерсе жоктугун”, Улуттук банктын аракеттери жалпысынан мыйзамга каршы келерин жана инвесторлордун укугун бузуп жатканын белгиледи. (UE)

XS
SM
MD
LG