Түркияда болгон жер титирөөдөн жабыркаган шаарларга Кыргызстандан жардам катары 1 миллион сомдук жүк даяр турат. Бул тууралуу бүгүн "Азаттыкка" Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат катчысы Абдишарип Бекилов билдирди. Анын айтымында, бүгүн өкмөттө жыйын өтүп, чатыр, жууркан, төө бурчак, шекер, ун, таза суу түрүндөгү гуманитардык жардамды жиберүү чечими кабыл алынды. Учурда аны Түркияга жеткирүү жолу талкууланып жатат.
Түркияда жер титирөөдөн жабыркаган кыргыздар Кыргызстандын бийлигине нааразы болуп жатканын "Азаттыкка" кыргыздар отурукташкан Улуу Памир айылынын башчысы, Түркиянын жараны Касымбек Варол билдирген болчу. Анын айтымында, суук түшүп калгандыктан, чатыр маселеси оор болууда.
23-октябрда Түркиянын Эржиш шаарында күчү 7,2 баллга жеткен жер титирөө катталган. Ал жерде жашаган жарандыгы түрк 2 миңдей кыргыздын төртөө набыт болгон. Бешөө учурда ооруканада, бирөөнүн абалы оор экени айтылууда. Зилзаладан набыт болгондордун жалпы саны беш жүздөн ашты. (KE/RK)