Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Июль, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:41

Жалал-Абад: Административдик ресурс колдонгондорго чара көрүлөт


Аймактагы кабарчыбыз Ырысбай Абдраимовдун маалыматына ылайык, облустун губернаторунун милдетин аткаруучу Азизбек Турсунбаев Жалал-Абад шаарындагы №2098 шайлоо бекетинде эртең менен добуш берди. Анда облуста президенттик шайлоо таза өтөөрүнө ишенээрин, административдик ресурс колдонулбай турганын айтты.

Ал эми Жалал-Абад шаарынын мэри Бакыт Адылов шаардагы №2399 шайлоо участогунда добуш берип жатып, административдик ресурстун колдонулушуна жол берген мамлекеттик кызматкерлер иштен алынаарын эскертти. Аймакта азырынча абал туруктуу. (EBM)

XS
SM
MD
LG