Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:27

БУУнун баш катчысы теңсиздикти жоюуга чакырды


БУУнун баш катчысы Пан Ги Мун дүйнө лидерлери теңсиздикти жоюу аракетин көрүшпөсө, 7 миллиард элдин нааразылыгына туш болушаарын эскертти. Нью-Йоркто өткөн пресс-конференцияда баш катчы Жер шарында 1 миллиардга жакын адам ачкачылыктан жапа чеккенине басым жасады. БУУ кечээ дүйнө калкынын саны 7 миллиардга жеткенин жар салган.
Бул окуяга удаа Эл аралык эмгек уюму жумуш орундары кыскарып жатканын, бир катар өлкөлөр көрүп жаткан үнөмдөө чаралары кырдаалдын начарлоосуна алып келээрин билдирди. Жылдык докладында БУУнун агенттиги жумушсуздук реккорддук 200 миллион кишиге жеткенин жазат. Башкача айтканда, ишке жарамдуу 3 миллиард 23 миллион адамдын 6,2 проценти жумушсуз.

XS
SM
MD
LG