Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:27

Токтогулов: Атамбаевдин Мадумаров жана Ташиев менен мамилеси жакшы


"Алмазбек Атамбаевдин Адахан Мадумаров жана Камчыбек Ташиев менен өз мамилеси бар, шайлоого чейин деле, шайлоо учурунда деле алар менен сүйлөшүп жатты", -деп билдирди "Азаттыкка" Атамбаевдин маалымат катчысы Кадыр Токтогулов. Анын айтымында, алардын мамилеси жакшы, андыктан, эч ортомчусуз эле сүйлөшө алышат.

Жогорку Кеңештин төрагасы Ахматбек Келдибеков "учурда Кыргызстанда парламент гана жалгыз легитимдүү мамлекеттик бийлик бутагы болгондуктан шайлоодон кийинки абалдын тынч болушу үчүн өз демилгеси менен сүйлөшүүлөрдү уюштураарын" айткан. Ага шайлоого катышкан баардык талапкерлер, фракция лидерлери чакырылган.

30-октябрда өткөн президенттик шайлоонун алдын ала жыйынтыгы боюнча, шайлоочулардын 63 пайызы добуштарын Атамбаевге беришти. Бирок мындай жыйынтык менен Атамбаевден кийинки эки орунду ээлеген Адахан Мадумаров жана Камчыбек Ташиев тааныбай тургандарын билдиришкен. (RK)

XS
SM
MD
LG