Бул тууралуу бүгүн “Азаттыкка” Түркиянын жакындагы күчтүү зилзаладан жабыр тарткан Ван аймагындагы Улуу Памир кыштагынын айыл өкмөт башчысы Касымбек Варол билдирди:
- Өкмөттөн ун, төшөнчү, чай келди. Министр келип, баарын тапшырып кетти. Буга биздин айылдагы аксакалдар, жаштар кубанып калды.
Касымбек Варол кошумчалагандай, алар Бишкектен барган жардамды Эрзурум шаарынан алып кетишти. Зизалага байланыштуу кыргыз өкмөтү Түркияга үч миллион сомдук жардам жиберген. Аны өзгөчө кырдаалдар министри Болотбек Борбиев баштаган топ алып барган.
23-сентябрда күчү 7,2 баллга жеткен зилзаладан Түркияда 500дөн ашуун адамдын өмүрү кыйылды, алардын төртөө этникалык кыргыздар. (UE)