Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:02

АКШ Кыргызстандагы авиабазасы боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзөт


АКШ Кыргызстанда жайгашкан авиабазасынын мындан аркы тагдыры боюнча жаңы кыргыз бийлиги менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзөт. Бул тууралуу 1-ноябрда өткөн маалымат жыйынында АКШнын Мамлекеттик департаментинин маалымат катчысы Виктория Нуланд билдирди.

- Бизде Кыргызстандын өкмөтү менен базаны 2014-жылдын аягына чейин пайдалануу боюнча ишенимдүү келишим бар. Биз жаңы өкмөт менен 2014-жылдан кийин эмне болорун талкуулап көрөбүз деген ойдобуз. Алар да ушундай сүйлөшүүнү каалаганын бизге ачыкташты. Биз андай сүйлөшүүнү күтөбүз.

Президенттик шайлоонун жеңүүчүсү аталып жаткан Алмазбек Атамбаев "Манас" аба майданында аскердик базанын турушуна каршы экенин билдирген.

АКШнын Транзиттик жүк ташуулар борбору мындан 10 жыл мурда Ооганстандагы антиттеррордук операцияны камсыз кылуучу аскердик база катары ачылган. Учурда ал жерде 1 200 америкалык аскер бар. База боюнча контракттын мөөнөтү 2014-жылы аяктайт. (RK)

XS
SM
MD
LG