Бүгүн Бишкекте ден соолугу жагынан мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар катышкан спартакиада башталды. Анын жыйынтыгы 3-декабрда чыгарылат. Бишкек мэриясынын маалымат кызматынан кабарлашкандай, спартакиадага угуу, көрүү органдары, кыймылдоо аппараты жана борбордук нерв системасы жагынан майып болгон чоңдор жана өспүрүмдөр катышат. Мелдештер шахмат, теннис, армрестлинг, оор атлетика жана шашки боюнча жүргүзүлөт. Жеңүүчүлөр 3-декабрь - Майыптар күнүндө сыйланышат. Мындай иш-чара соңку бир нече жылдан бери шаар бийлиги тарабынан үзбөй өткөрүлүп келүүдө. (RK)