Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 11:25

Жалал-Абад: Ташиевдин тарапкерлери кайра чогула баштады


Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгынын жетекчиси Малик Нурдиновдун “Азаттыкка” билдиришинче, ушу тушта облустук акимчиликтин алдына боз үй тигилип, эл топтолуп жатат. Алар шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгарууну талап кылышууда. Акцияны уюштуруп жаткандар буга чейин митинг мөөнөтсүз болоорун эскерткен.

БШКнын маалыматына ылайык, Жалал-Абадда шайлоочулардын 42 пайызы Камчыбек Ташиевди, 25 пайызы Алмазбек Атамбаевди жана 24 пайызы Адахан Мадумаровду колдоп добуш беришкен. Ал эми жалпы республикалык жыйынтык боюнча алдыга Алмазбек Атамбаев чыкты. (EBM)

XS
SM
MD
LG