Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Май, 2026-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:55

Нарында кен казган ишканалардын лицензиялары жокко чыгарылды

Бул тууралуу «Азаттыкка» Нарын облустук администрациясынын басма сөз катчысы Гүлчахра Садыкова билдирди. Маалыматка ылайык, жергиликтүү бийликтин кийлигишүүсү жана жергиликтүү тургундардын сын-сунуштарынын негизинде Жаратылыш ресурстары министрлигинин жер казынасын иштетүүгө лицензия берүү боюнча комиссиясынын 29-сентябрындагы протоколу менен Нарын районундагы Жерге-Тал айылындагы Кум-Бел участкасындагы алтын казып жана геологиялык чалгындоо иштерин жүргүзгөн “Кум-Бел Ресурс”, “Рокизол”, “Кум-Бел ЛТД” ЖЧКнын лицензиялары жокко чыгарылды.

Ошондой эле Нарын районуна караштуу Орток айылындагы Жетим-Тоо тоо кыркаларындагы Молдо-Башы участкасында темир кенине геологиялык чалгындоо иштерин жүргүзүп келген “Mylin Resources” ЖЧКнын 2015-жылга чейин узартылган лицензиясы дагы жокко чыкты.
(ErB)
XS
SM
MD
LG