Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 23:18

Аба ырайы: 10-ноябрда кээ бир райондордо кар түшөт


10-ноябрда Кыргызстандын кээ бир райондорунда кар түшөт. Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарынын айрым жерлеринде туман түшөт. Сыдырым жел жүрөт. Ысык-Көл акваториясында шамал батыштан, ылдамдыгы секундасына 15-20 метрге чейин жетет.

Абанын температурасы:
Чүй облусунда түнкүсүн -8...-13, күндүз -2...+3,
Талас облусунда түнкүсүн -9...-14, күндүз -3...+2,
Баткенде түнкүсүн -5...-10, күндүз 0...5 градус болот.
Ош жана Жалал-Абад облустарында түнкүсүн -4...-9, күндүз 1...6,
Ысык-Көлдө түнкүсүн -2...-7 градус, күндүз -1...+4,
Нарында түнкүсүн -5...-10, күндүз -1...+4.
Тоолордо түнкүсүн -13...-18 градус, ал эми күндүз -4...-9.

Бишкекте жаан-чачын дээрлик күтүлбөйт. Мезгил мезгили менен туман түшүшү мүмкүн. Жолдор тоңголок, тайгак болот. Сыдырым жел жүрөт.

Абанын температурасы түнкүсүн 9...11 градус суук, күндүз 0...2 градус жылуу болот.

XS
SM
MD
LG