Бүгүн ЕККУнун “Кыргызстандын түштүгүндө Суу колдонуучулар ассоциацияларынын мүмкүнчүлүгүн жогорулатуу”долбоорунун алкагында жыйынтыктоочу жыйын болуп өттү. Анда суу бөлүштүрүүчү жабдуу жана курулуш материалдарын колдонуу, суу бөлүштүрүүдө чыккан чыр-чатактардын санын азайтуу сыяктуу маселелер талкууланганын ЕККУнун Бишкектеги кеңсесинен кабарлашты. “Өмүр-Суу “ ассоциациясынын башчысы Нематжан Паттаевдин айтымында, тренингдин катышуучулары сууну чыр-чатак чыкпай турган ыкмалар аркылуу бөлүштүрүүгө үйрөнүштү. Ассоциациялардын 55 насаатчы өкүлү башка 33 ассоциациянын 330 мүчөсүнө өз билимин өткөрүп беришти. Сугат суунун жетишсиздиги Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустары үчүн орчундуу көйгөйлөрдүн бири болуп эсептелет. (RK)