Ош шаарынын айрым райондорундагы үйлөр көгүлтүр отсуз калышты. "Кыргызгаз" ишканасынан "Азаттыкка" кабарлашкандай, абанын кескин муздашына байланыштуу газ түтүктөрүндөгү басым азайган. Ошондуктан газ менен камсыз кылуу толук болбой жатат. Мындай абал дагы 3-4 күн уланышы мүмкүн. Ош шаарына газ Өзбекстандан алынып келинет. 8-ноябрдан бери Кыргызстандын аймагында аба кескин муздап, түнкүсүн нөлдөн төмөн болууда. (RK)