Бишкек жылуулук борбору үчүн алынган Казакстандын Кулан көмүрүн артка жөнөтүү боюнча чечим кабыл алынды. Бул тууралуу өлкөнүн Бажы кызматы билдирди. Мекемелер аралык комиссиянын тыянагында Казакстандан алынган бул көмүрдө радиациянын деңгээли 10-12 эсе жогору экендиги аныкталган.
Быйыл “Электр тармактар” ачык акционердик коому Бишкек жылуулук борборун көмүр менен камсыздоо боюнча тендер өткөрүп, анын жеңүүчүсү деп Казакстандын “Кулан” ишканасы табылган болчу. Бирок бул компания Кыргызстанга ташып үлгүргөн 8 миң тонна көмүрдүн баарын алып кетеби деген маселе жаралууда. Учурда бул көмүрдүн баары Бишкек жылуулук борборунда атайын жайда сакталып турат.
Адистердин айтымында, бул көмүрдү пайдаланууга такыр мүмкүн эмес. Ал жагылганда аба аркылуу 3-4 чакырымга чейин тарап, адамдарга, жерге жана өсүмдүктөргө зыян алып келиши мүмкүн. Ал эми Кыргызстанга радиациялуу көмүр ташылып жатканын 26-октябрда “Ата Мекен” фракциясы көтөрүп чыккан болчу. (ZB/RK)