Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 21:12

Италия: Сенат кризиске каршы планды талкуулай баштады


Италия парламентинин жогорку палатасы өлкөнү финансылык кудуретсиздиктен куткаруу чараларын талкуулай баштады. Экономиканы реформалоо планында мамлекеттин менчигиндеги мүлктөрдү сатуу да сунушталган. Эгер бул долбоорду Сенат бекитсе, парламенттин төмөнкү палатасы ишемби же жекшемби күнү колго салат.

Бүгүн Грекиянын жаңы өкмөтү ант берет. Бейшемби күнү Европа борбордук банкынын мурдагы вице-президенти Лукас Пападемос жаңы утурумдук өкмөттүн башчысы болуп көрсөтүлгөн. Жаңы өкмөт Грекияны финансылык каатчылыктан сактоого багытталган жана Евробиримдик талап кылган реформаны жүзөгө ашырууга тийиш. Грекия реформага макул болгон соң Биримдик 130 миллиард долларлык кредитти бергенге, анын ичинде Афинынын карызынын 50 пайызын кечкенге ынанган.

XS
SM
MD
LG