Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:25

Эл аралык коомчулук Араб Лигасынын чечимин кубаттады


БУУнун баш катчысы Пан Ги Мун Араб Лигасынын Сирияны жыйындарына катыштырбоо чечимин кубаттады. Кечээ Лига Дамаск антиөкөмттүк чыгууларды күч менен басууну токтотуу боюнча келишимди аткармайынча, жыйындарга катыша албайт деген сунушту колдогон. АКШ президенти Барак Обама, Европа Биримдиги, Британия жана Франция жетекчилери да Араб өлкөлөрүнүн кадамын кубатташты. Лига президент Башар Асаддын режимине каршы экономикалык жана саясий санкцияларды киргизүү, өз элчилерин Сириядан чакыртып алуу мүмкүнчүлүгүн жокко чыгарбайт. Бул кабар тарагандан кийин кечээ Дамаск өкмөтүнүн колдоочулары делинген адамдар Сауд Арабиянын Сириядагы элчилигине чабуул коюшту.

БУУнун болжолдуу маалыматына караганда, антиөкмөттүк акциялар тутанган март айынан бери ар кандай кагылышууларда 3 жарым миңдей киши набыт кетти.

XS
SM
MD
LG