Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:35

Чыгармачыл эгиздердин алгачкы фестивалы жыйынтыкталууда


Кыргызстандык чыгармачыл эгиздердин алгачкы фестивалы жыйынтыкталууда. Бул тууралуу "Азаттыкка" фестивалдын уюштуруучусу, "Сурия" кайрымдуулук фондунун жетекчиси Сурия Осмонкулова билдирди. Анын айтымында, сынактын алгачкы туру быйыл 15-апрелде өткөн. Ага Бишкекте жана Чүйдө жашаган 22 эгиз катышкан. Экинчи туру ар бир облуста өз-өзүнчө өттү. Ага 5-6дан эгиздер катышып, өнөрлөрүн көрсөтүштү. Кыргыз, өзбек, орус, тажик жана башка улуттагы катышуучулардын эң кичүүсү 5 жашта, эң улуулары - пенсия курагындагылар. Ырчы, бийчи, комузчу, дастанчы, манасчы жана мыкты кол өнөрчү, уста, тигүүчү, саймачылардын эң мыкты деп табылган 25и 28-ноябрда Бишкекте өтө турган чоң иш-чарада сыйлыктарды алышат. "Сурия" фонду 6 жылдан бери кайрымдуулук менен алектенип келүүдө. (RK)

XS
SM
MD
LG