Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:03

Ратко Младич сот процессине канчалык катыша алаары текшерилет


Бириккен улуттар уюмунун мурдагы Югославия боюнча кылмыш соту босниялык сербдердин мурдагы аскер башчысы Ратко Младичти сот процессине катыша алар-албасын аныкташ үчүн толук медициналык текшерүүдөн өткөрүүнү буйруду.

69 жаштагы Младич “катуу ооруп жатканын” билдирген. Ал өпкөсү сезгенген деп быйыл октябрда эл аралык трибуналда ооруканага жаткырылып, 10-ноябрга белгиленген сот отурумуна катыша алган эмес.

16 жыл качкында жүргөн Младич быйыл майда Сербияда кармалган. Аны 1990-жылдардагы согуш кылмыштары үчүн айыпташкан жана 8 миңдей мусулман эркекти кырган деп күнөөлөп жатышат. Ал өзүнө тагылган айыптарды мойнуна алган эмес.

XS
SM
MD
LG