Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:38

Мырзаке – Кара-Кулжа – Алайкуу жолу ачылды


Ош облусунун Кара-Кулжа районундагы Мырзаке – Кара-Кулжа – Алайкуу унаа жолу толугу бойдон ачылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат катчысы Абдишарип Бекилов “Азаттыкка” билдирди.

16-ноябрдан 17сине караган түнү калыңдыгы 60 сантиметрге жеткен кар жаап, жол убактылуу жабылган. Көк-Көл участкасында бир адам көчкү алдында калып, набыт болу. Анын сөөгү кечээ кечинде табылып, туугандарына берилди.

Тазалоо иштери бүгүн эртең менен кайра улантылып, 10:30да толук ачылды. Алайкуу тарапты көздөй баратып токтотулган 6 автоунаадагы 18 адам кайра жолун улантышты. Кардын калың жаашына байланыштуу Кыргызстандын тоолуу аймактарындагы жалпы абал, жолдордогу кыймыл Өзгөчө кырдаалдар министри Болотбек Борбиевдин жеке көзөмөлүндө. (RK)

XS
SM
MD
LG